"Газа тилкесине гуманитардык жардам көрсөтүлөт". Бообек Ажикеев Александр Куренков менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Палестинанын Газа тилкесинин жабырлануучуларына гуманитардык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кесиптеши Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри Александр Куренков менен телефон аркылуу гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу сүйлөшүштү.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Палестина мамлекетинин учурдагы абалы, жарандарды эвакуациялоо иштеринин жүрүшүн талкуулап, эки өлкөнүн министрликтери жабыр тарткан өлкөгө биргеликте гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министр Бообек Ажикеев Газа тилкесиндеги кыргызстандык эки жаранды эвакуациялашкандыгы үчүн орусиялык куткаруучуларга өз ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары эки тараптуу кызматташууну бекемдөөнүн, аны ийгиликтүү өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу багыттары талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан