Дастан Бекешев: "Тууну өзгөртүү - тарыхты өзгөртүп жазууга болгон аракет"

Тууну өзгөртүү - тарыхты өзгөртүп жазууга болгон аракет. Мындай пикирди бүгүн, 29-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Эл өкүлү көпчүлүк сыяктуу эле тууну өзгөртүүнүн зарылчылыгын көрбөй жатканын айтты.

“Мен биздин желекти көргөн жокмун, бирок аң-сезимим менен кандай туу болбосун өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук кылбай турганын түшүнөм. Тууну өзгөртүү - тарыхты өзгөртүп жазууга болгон аракет. Биздин көптөгөн шайлоочуларыбыз сыяктуу эле өзгөртүүнүн маани-маңызын көрө алган жокмун. Андыктан мен каршы добуш берем”, - деди ал.

Жогорку Кеңеш 29.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан