Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат.
"БАЭдеги 30-ноябрдан 12-декабрга чейинки кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат жана глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташат.
1-декабрда Садыр Жапаровдун БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.
2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.
Иш сапар БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого Мамлекет башчысы катышып, ошону менен аяктайт", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.