Туу алмашса анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 29-ноябрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
"Мамлекеттик бюджеттен эч кандай каражат кетпейт. Биздин 32 өлкөдө элчиликтерибиз бар, ошол элчиликтердеги жана мамлекеттик мекемелердеги туулар өзгөрөт. Анын баарын эсептегенде 150нүн тегерегиндеги туу өзгөрөт экен. Чыгымдын баарын төлөп беребиз деген демөөрчүлөр дагы бар. Мамлекеттик документтер, ошол эле паспорт дегендерге эч кандай каражат кетпейт. Документ алмаштыруу мөөнөтү келгенде гана жаңы туу колдонулат, ага чейин эски документтер пайдаланыла берет, - деди төрага.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен Улан Примов сентябрь айында демилгелеген. Алардын айтымында, желектин сунушталган вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат.
Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.
Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун карады.