Акыркы убакта "7-чакырылыштын депутаттары иштей албаса - тарасын" деген сөздөр айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрдагы парламент жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.
Ал коомчулукта "Жогорку Кеңештин депутаттарынын кылар иши жокпу, ар кайсы маселеге мурдун тыгып атат" дегендерге жооп берди.
"Урматтуу калайык, парламенттеги жыйын бул - эл арасындагы көйгөйлөрдү көтөрүп, талашып-тартыша турган жыйын. Ушул жерден талкуулап, чечип, анан силердин алдыңарга алып чыгышыбыз керек. Антпесек анда биздин эмне керегибиз бар?", - деди Түлөбаев.
Ошондой эле ал мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө каршы болгондорго да жооп кайтарды.
"Мамлекеттик символдор герб, туу, гимн болсо, биз гимндин экинчи куплетин деле өзгөртпөдүк беле? Анда эмнеге эгемендикке доо кетпейт да, тууну өзгөртсө ыйыктык бузулабы? Желекти түп тамырынан өзгөртөлү деген жокпуз, оңдоп-түзөөдөн гана өтөт. Аны саясатташтырып, өлкөгө, өлкө башчысына, депутаттарга ар кандай сөздөр айтылып жатат. Эми аны депутат мыйзамдык укугун колдонуп, сунуштады. Колдойбузбу, колдобойбузбу, бул палатанын иши", - деди депутат.