Эрбол Султанбаев КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту

Кечээ, 29-ноябрда Минск шаарында Кыргызстандын Беларустагы элчиси, Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаев КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Тараптар шериктештикке Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун жүрүшүн, Кыргызстандын КМШнын аткаруу комитети менен өз ара аракеттенүүсүн жана шериктештик форматындагы интеграциялык процесстерге катышуусун талкуулашты", - деп айтылат билдирүүдө.

Тактап айтканда, ушул жылдын 30-ноябрында Кыргызстандын туруктуу өкүл Эрбол Султанбаевдин төрагалыгында өтүүчү КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кезектеги жыйынынын күн тартиби тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан