Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынындагы “ар кандай маселелер” бөлүмүн “Поле чудес” программасы менен, ал эми президенттин туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовду алып баруучу Леонид Якубович менен салыштырды.
"Акыркы убакта биздин "ар кандай маселелерибиз" "Поле чудес" деген программа сыяктуу эле болуп калды. Баягы эле Акунжанович Якубович сыяктуу. Биз Таласка, Нарынга, Ошко, Көлгө саламыбызды эле айтып калдык. Төрагалык кылуучулардан суранат элем, биздин айтып жаткан сөздүн, көтөрүп жаткан маселенин аткарылышын аягына чейин контролдосок, балким сиздер тараптан бир протоколдук тапшырма берилеби?", - деди Маматалиев.
Ага чейин ушундай эле маселени депутат Максатбек Сарбагышев да көтөрүп, министрликтер эл өкүлдөрүнүн каттарына жооп бербей жатканына нааразы болду. Ал мисал катары Айыл чарба министрлигин келтирди.
"Кээ бир министрликтерге сөз айтып койсоң, бүгүнкү күнгө чейин телефон албагандары бар. Буларды унчукпай отуруп, мактап гана туруш керекпи? Биздин буйруктар аткарылып жатабы, билбейбиз. Бул маселени көзөмөлгө алуу керек", - деп нааразы болду депутат.