Парламенттин бүгүнкү, 30-ноябрдагы жыйынына саналуу гана эл өкүлү катышып жатат. Андагы видеолордон залда депутаттардын басымдуу бөлүгү жок экенин көрүүгө болот. 90 депутаттын болжол менен 15ке жакыны гана жыйында отурат.
Маалым болгондой, жыйында Социалдык фонддун бюджети жана туризм маселеси каралат.
Бул күнү депутаттар Социалдык фонддун бюджетине байланыштуу үч маселени бир эле учурда кароону чечкен.
1. Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фондунун 2022-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту.
2. “Социалдык фонддун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору тууралуу.
3. “Социалдык фондун 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзамдын долбоору тууралуу.