Дубайда климат боюнча дүйнөлүк саммит башталды. Ага Садыр Жапаров да катышууда (фото)

Бүгүн, 1-декабрда президент Садыр Жапаров климат боюнча дүйнөлүк саммитке катышуу үчүн Дубай шаарындагы Expo City Dubai борборуна барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Бул жылы ага 70 миңден ашуун адам катышууда, анын ичинде 140тан ашуун өлкөнүн лидерлери бар.

Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Иш-чарага келген делегация башчыларын БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын 28-конференциясында билдирүү жасайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан