Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда БАЭнин борбору Дубай шаарында климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчылары кыргыз-монгол кызматташтыгын ар кандай чөйрөлөрдө кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти.
Президент Садыр Жапаров кесиптеши Ухнаагийн Хурэлсух, эки мамлекет ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда өнөктөштүктү активдештирүү зарылдыгын белгилешип, Кыргызстан менен Монголия достук мамиледеги өлкөлөр экендигин айтышты.