Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстадын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу бүгүн, 1-декабрда өттү. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине оң баа беришти.
Ошондой эле калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Маалыматта жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү кабарланат.