Президент Садыр Жапаров Дубайда климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Саммиттин алкагында Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар жана Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анвар-уль-Хак Какар менен жолугушту.
Эскерте кетсек, кечээ, 1-декабрда Дубай шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө COP28 - Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын 28-сессиясынын алкагында уюштурулган климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземи болуп өттү.