Садыр Жапаров 55 жашка чыкты. Аны Владимир Путин куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

"55 жашыңыз менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Сиз мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз менен мекендештериңиздин жогорку урматына жана олуттуу эл аралык авторитетке ээ болдуңуз. Биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө Сиздин жеке салымыңыз жогору бааланат. Сиз Орусиянын жетекчилигинин эки тараптуу мамилелердин бардык багыттарында активдүү биргелешкен ишти улантууга даяр экендигине таянсаңыз болот. Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Түп районунун Кең-Суу айылында төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан