Дагы 4 өлкөнүн президенттери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты

Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Азербайжандын Ильхам Алиев президенттери өлкө башчы Садыр Жапаровду бүгүнкү туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Алар Садыр Жапаровдун ишине ийгиликтерди жана кыргыз элине гүлдөп өнүгүүнү каалашты.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Түп районунун Кең-Суу айылында төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан