"Жактыра бербейт". Басма сөз катчы Садыр Жапаров туулган күнүн кандай белгилей турганын айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров 55 жашын жакындарынын коштоосунда гана чакан кылып белгилейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

"Президент Садыр Нургожоевич туулган күн өткөргөндү көп деле жактыра бербейт. Бүгүн адаттагыдай эле иш күн, Ысык-Көлдө иш сапарыбыз менен жүрөбүз. Президент туулган күнүн кечинде гана Бишкекте жакындары менен чакан кылып белгилейт", - деди ал.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда 55 жашка чыкты. Ал 1968-жылы 6-декабрда Түп районунун Кең-Суу айылында төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан