"Баштап берем". Садыр Жапаров жакында канча мүлкү бар экенин ачыкка чыгарарын айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде жакында канча мүлкү бар экенин ачыкка чыгарарын айтты.

Президент маегинде базарлардагы контейнер ээлери мүлктөрүн башкаларга каттатып койгонун, аларга мүмкүнчүлүк берилип жатканда өздөрүнө каттап, баарын ачыкка чыгарышы керектигин айтты.

"Эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга өкмөттүн атынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз.

Мурдакыларынан бери баарын казып чыксак эле мүлктөр, суммалар ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келип калат. Ага чейин барбай эле коёлу деп күч органдарын токтотуп жатам. Анткени баары эле өзүбүздүн жарандар. Аларга мүмкүнчүлүк берели дедим. Мыйзамдын негизинде легализация кылып алышсын деп соодагер-бизнесмендерге эле эмес, мурдагы чиновниктерге, азыркы чиновниктерге, дегеле мүлктөрү башка бирөөлөргө катталган элдин баары үчүн мыйзам да кабыл алып бердик. Ушул мыйзамдын негизинде элдин баары өз мүлктөрүн ачыкка чыгарып, легализация кылып, өз аттарына каттап алышса болот. Ошол эле контейнери бар бай адамдардын, базар ээлеринин беш-алтыдан квартиралары, акыркы үлгүдөгү Лексус 570тери барлар бар. Башка аттарга каттатып коюшкан. Легализация кылып өз аттарына каттап алышсын. Ал үчүн жакшы шарт түзүп бердик. Буга чейин баарыбыз эле мүлктөрүбүздү башка бирөөнө каттатып келгенбиз да. Бул жашыруун деле эмес.

Ошол эле контейнер ээлери дагы контейнерлерин башка бирөөлөрдүн аттарына каттатып коюшкан. Эми ошол мүлктөрүн ачыкка чыгарып өздөрүнө каттатышса болот.

Биз: “Буга чейинкинин баарын унуталы, өткөнгө кайрылбай артка таштайлы”, - деп айтып келебиз. Эми мындан ары жашырмай жок. Келгиле, баарын ачык көрсөтүп, ачыкка чыгаралы, ачык салык төлөп туралы деп жатабыз.

Азырынча эч ким ачыкка чыгара элек. Мен өзүм баштап берейин деп жатам. Жакында менин канча мүлкүм бар экенин билесиздер", - деген Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан