Санжарбек Болотов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Болотов буга чейин министрликте ар кандай кызматтарды аркалап, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборун да жетектеп келген.