Дүйнөдөгү эң күчтүү айымдардын эң жаш айымы аталган америкалык ырчы Тейлор Свифт тууралуу  фактылар

Time журналы “2023-жылдын адамы” деп америкалык ырчы Тейлор Свифтти тандады. Аны утурлай SUPER.KG порталы ырчы тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайт.

Тейлор Свифт - америкалык ырчы, кино актриса жана композитор. Өзүнүн карьерасында ал бир гана күйөрмандардын армиясын жана музыкалык сыйлыктарды гана эмес, Гиннестин рекорддор китебиндеги элүүдөн ашык жетишкендиктерге ээ болгон. Свифт көп кырдуу таланттуу инсан. Ал өзүн тасмада да сынап, бул жаатта көптөгөн жакшы сындарга татыган.

БАЛАЛЫГЫ ЖАНА ЖАШТЫГЫ

Тейлор Свифт 1989-жылы 13-декабрда АКШнын Пенсильвания штатында Уэст-Рединг шаарында төрөлгөн. Ал ата-энеси Скотта Кингсли Свифт менен Андреанын тун баласы болгон. Экөө тең кесипкөй ишмердүүлүгүндө инвестиция тармагында иштешкен.

Түгөйлөр кызынын атын алардын сүйүктүү аткаруучусу, белгилүү Жеймс Тейлордун урматынан тандашкан. Тейлордон тышкары үй-бүлөнүн кенжеси Остин аттуу уулдуу да болушкан. Ал Нотр-Дам жогорку окуу жайын аяктап, азыркы тапта драмалык тасмаларда роль жаратып, актёрлук кесип менен алектенет.

Свифт бала кезинде музыкалык театрга кызыгып, Беркс атындагы жаштар театралдык академиясындагы спектаклдерде ойногон. Келечектеги ырчы Нью-Йорк шаарында вокал жана актёрдук тармакта сабактарды да алган. Шания Твендин ырларынан шыктанган Тейлор ырдын кантри стилине кызыккан бирок, үн жаздыруучу компаниялар менен сынактар натыйжалуу болгон эмес.

Ырчы Виндкрофт жеке башталгыч мектебинде жана Вайомиссинг шаарындагы орто мектепте билим алган. Дал ошол жерден Тейлор Свифт музыка менен алектенип баштап, алгачкы жолу гитарада ойногонду өздөштүргөн. Ал эми 12 жашында ойлоп тапкан күүлөрүнүн артында обондор үчүн текст жазган. Бирок чыгармачылыгындагы алгачкы жылдары ийгиликтүү болбой, RCA Records менен келишим түзүп, анда ал алгачкы чыгармасын чыгарууга жетишкен эмес. Мындан улам 14 жашында кызматташуу келишимин токтоткон.

Кийинчерээк Нашвилл шаарындагы Bluebird Cafe клубунда көргөзмөдө өзүнө таандык ырларды аткарып жатып, Скотт Борчеттанын көңүлүнө алынган. Ал кезде анын Big Machine Records үн жаздыруучу компаниясы жаңыдан иштеп баштаган. Бул студия келишимдин негизинде 15 жаштагы аткаруучунун чыгармачылыктагы өмүр баянын ийгиликтүү өнүктүргөн.

МУЗЫКА

2006-жылы августта аткаруучунун алгачкы Tim McGraw чыгармасы, ал эми ошол эле жылдын октябрь айында сынчылар ийгиликтүү деп эсептеген Taylor Swift аттуу дебюттук альбому жарык көргөн. Мындан улам ал эң мыкты өнүгүп келе жаткан жаш вокалист делип жергиликтүү Нашвилл сыйлыгына татыган.

2008-жылы Тейлор Свифт үчүн жемиштүү жыл болду. Анда ошол эле жылы ноябрда чыккан Fearless аттуу экинчи диски "Гремми" салтанатында "жылдын альбому" жана "эң мыкты кантри-альбому" наамдарына ээ болуп, Тейлор ак ниеттүү жылдыз болгон.

2010-жылы Speak Now үчүнчү альбому эл алдына тартууланган. Тейлор бардык 12 ырынын сөзүн жана мукыкасын өзү жазган. Red аттуу чыгармасы 2012-жылы жаралып, ырчынын ийгилигин бекемдеген. Ал кийинки жылы март айында музыканттар менен биргеликте Түндүк Америк, Австралия, Жаңы Зеландия, Евроа жана Азия өлкөлөрүнө концерт берип, 150 миллион доллар киреше тапкан.

2014-жылы ал бешинчи 1989 студиялык альбомун чыгарган.

2016-жылдын 15-февралында "Гремми" сыйлыгын 58-ирет тапшыруу аземинде, атактуунун Blank Space жана Bad Blood ырлары үчүн жети наам боюнча сыйлыкка көрсөтүлүп, анын үчөөндө жеңүүчү болгон. Ал "Жылдын альбому" наамын эки жолу жеңген биринчи айым делип тарыхта калган.

Узап бара жаткан жылда ырчы сыйлыктар коллекциясын All Too Well клиби үчүн кайрадан "Гремми" сыйлыгы менен толуктады. Ал эми 2022-жылы ушул эле чыгармасы менен MTV Video Music Awards сыйлыгын да багындырган.

ТАСМАЛАРЫ

Тейлор Свифт тасма тармагындагы чыгармасын 2009-жылы баштаган. Анын алгачкы жолу популярдуу "Ханна Монтана: Кино" комедия жанрындагы тасмада өзүнүн образында роль жараткан. Андан кийин актрисаны рейтингдик долбоордо ойноп берүүгө чакырышкан.

2019-жылы актриса Женнифер Хадсон жана Жуди Денч менен бирге Том Хупердин "Мышыктар" мюзиклинин актёрдук курамына кирген. Аталган долбоор сарпталган бюджетин актаган эмес. Ага жалпы 100 миллион доллар каражат кетип, киреше болгону 75,5 миллион долларды түзгөн.

Кызыгы Свифт кинодогу каармандарын сынаксыз эле алган. Анткени ал мурда Хуперге таандык "Отверженных" тасмапсына кастингден өткөн. Долбоор боюнча атактуунун кесиптештери терс пикирлерди алышса, анын аткаруусуна эч кандай нааразычылыктар болгон эмес. Анда көрүүчүлөр композитордун Beautiful Ghosts ырын өзгөчө баалашкан. Ырчы композициянын автору Эндрю Ллойд Уэббер менен бирге "Алтын глобус" жана "Гремми" сыйлыктарына корсөтүлгөн.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

Моделдик келбети бар таанымал ырчы (бою 180 сантиметр, салмагы 55 килограмм) эркектердин көңүлүнө түшкөн. Тейлор өзү анын биринчи жигити Jonas Brothers тобунун вокалисти Жо Жонас болгонун айткан. Ал эми актёр Тейлор Лотнер менен кыска убакыт сүйлөшүп, ал менен "Валентин күнү" тасмасына тартылган.

Мындан тышкары актриса үч ай убакыт Жейк Жилленхол менен андан соң 2015-жылы дижей Кельвин Харрис менен мамиле курган. Кийинки жылы алардын мамилеси токтогон.

Аткаруучу британдык актёр Жо Элвин менен беш жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 2022-жылы никелешкен. Бирок тилекке каршы алардын сүйүүсү узакка созулган эмес. Улуш жылы жазында түгөйлөр эки жолго түшкөнү тууралуу кабар маалымат булактарына желдей тараган.

Бирок жылдыздын жалгыздыкта коркунучу болгон эмес. Андан кийин да бир катар таанымал инсандар менен мамиледе болгон.

УЧУРДА

Азыркы тапта Тейлор күйөрмандарын жаңы чыгармаларын жаратуу менен сүйүнтүүнү улантып келүүдө. 2023-жыл ал үчүн анын альбомдорун, анын ичинде Midnights 10-студиялык альбомун колдоо максатында уюштурулган масштабдуу тур менен аяктап баратат. Айтсак, аткаруучунун аталган аталыштагы концерттик тасмасы Түндүк Американын кассасында лидер болуп калды.

Бул анын укмуштуудай таанымалдуулугун жана күйөрмандарынын сүйүүүсүн күчөткөн жалгыз көрсөткүчү эмес. Жыл сайын өтүүчү MTV Video Music Awards сыйлыгында атактуу төрт номинация боюнча жеңишке жетти. Ошентип ал чыгармачылык жолунда жылдын мыкты ыры, клиби жана альбому үчүн сыйлыктарды алып, ошондой эле "Жылдын артисти" деп табылды.

Тейлор дүйнөгө жасаган турларынын аркасында октябрда официалдуу түрдө миллиардер болду. Анын гастролдору АКШнын ички дүң өнүмүнүн маанилүү бөлүгүнө айланып, өлкөнүн экономикасына салым кошту.

Ал эми декабрь айында Time журналы “2023-жылдын адамы” деп ырчы Тейлор Свифтти тандады. Ал бул жылы Орусиянын жана Кытайдын лидерлери Владимир Путин менен Си Цзинпин жана башка атаандаштарын артта калтырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан