Бүгүн, 7-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов спортчулардын тамак-ашына бөлүнгөн акча аз экенин, аларга жетиштүү көңүл бурулбай жаткандыгын айтты.
"Бишкекте өлкө боюнча жападан-жалгыз Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайы бар. Биз ошол жакка барып ашканасына кирсек, кадимки эле макаронду сууга кайнатып ичип жатышыптыр. Алардын бир күндүк тамагы 220 сом экен. Ал эми чемпионаттарда машыктыруучулардын бир күндүк тамагына 83 сом, спортчуларга 109 сом берет экен. Биз бул тармакка көңүл бурушубуз керек. 2024-жыл - олимпиадалык жыл. Атаандаштарыбыз 700 сомго стейк жеп жатса, биздин спортчуларыбыз 109 сомго эмне жейт? Кантип, кайсы калория менен күрөшөт?", - деди Атазов.
Ошондой эле ал спортчулардын бир күндүк тамак-ашына бөлүнгөн акчаны көбөйтүү боюнча токтом акыркы жолу 2008-жылы кабыл алынганын, андан кийин 15 жылдан бери көтөрүлө электигин белгиледи.