Депутат Талиева Тажикстандын кол салуусунда үйү тонолгондорго кенемте берилбей жаткандыгын айтты

Былтыр сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда мал-мүлкүн тоноткондордун көпчүлүгүнө бүгүнкү күнгө чейин кенемте бериле элек. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

"Турак жайлары, мал-мүлктөрү тонолгон жарандар комиссиянын жыйынтыгы менен биринчи этапта жардам алышты. Калгандарын жыл соңуна чейин кенемте менен камсыздоо максатка ылайыктуу болот. Кечээ дагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 200дөн ашуун тургундарынан кат келди”,- деди ал.

Аны менен катар эл өкүлү Лейлек районунун Интернационал айылынын жашоочуларынын кайрылуусун айтты.

Айылда 1985-жылы курулган стадионду капиталдык оңдоодон өткөрүүнү жаштар суранып жатышат. Ошондой эле 2023-жылы аймактагы суу чарба ишканасында 23 кызматкер кыскартылып, эми кайрадан штаттык бирдик кошуу зарылчылыгы жаралды”,- деди Талиева.

Жогорку Кеңеш 07.12.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан