Бүгүн, 7-декабрдагы парламент жыйынында депутат Алишер Козуев пахта арзандап кеткенин, дыйкандар түшүм алгандан кийин пайда көрбөй эле чыгымга учурап жатканын айтты.
Эл өкүлү Айыл чарба министрлигин ак буланын баасын көтөрүү багытында аракет көрүүгө чакырды.
"Кара-Суу районундагы фермерлер менен жолуксам пахтанын баасы боюнча арызданууда. Негизинен беш-алты пахта заводу бар, анын ээлери бааны көтөрбөй жатат. Дыйкандардын мээнети акталбай калууда. Бир гектар жерге эккен пахтасын азыркыдай 60 сомдун айланасында сата турган болсо, 30-40 миң сомго чейин зыян тартат экен. Пайда көрбөй эле артка кетип жатат", - деди Козуев.