Орусияда президенттик шайлоо 17-мартка белгиленди

Орусиянын Федерация Кеңеши 7-декабрда кийинки президенттик шайлоонун датасын белгиледи. Орусиялыктар президентти 2024-жылдын 17-мартында тандамай болушту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов, Мамдуманын мурдагы депутаты Борис Надеждин, учурда убактылуу кармоочу жайда отурган, Донецкидеги жикчилдердин мурдагы лидери Игорь Стрелков, журналист Екатерина Дунцова билдирген.

Ал эми азыр президент Владимир Путин бул шайлоого катышабы же жокпу азырынча айтыла элек. Бирок 2020-жылы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр азыркы президент Владимир Путинге бешинчи мөөнөткө аттанууга жол берет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан