"Жогору жактан тынч иште деп айтыштыбы?" Алымкадыр Бейшеналиев тактикасын өзгөрткөнүн айтты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мурдагыдан да чечкиндүү кадамдарга барып, чоң иштерди жасап жаткандыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анда депутат Эмил Токтошев министрден эмнеге мурдагыдай чуу салбай калганын сурады.

Жогору жактан “тынч иштеп бер” деп айтыштыбы? Ордуңузга башка адам келгендей болуп жатат", - деди Токтошев.

Ага Бейшеналиев мурдагыдан да чечкиндүү иштеп жатканын, болгону тактиканы өзгөрткөнүн айтты.
"Депутат Аида Исатбек кызын алдыга салып алып 485 жеке клиниканы жаптык. Башка дагы көптөгөн иштерди жасап жатабыз. Мурдагыдай өзүм жалгыз чыкпай, депутаттар, укук коргоо органдары менен чогуу иштеп, чоң жумуштарды жасап жатабыз. Ош шаарындагы ооруканалардын имаратынан да жеке клиникаларды чыгардык, учурда бошотуп жатышат", - деди ал.
Андан соң Токтошев жаш, сулуу депутат кыздарды эле кошуп албай, аны да чакырса жардамдашарын кошумчалап, иштерине ийгиликтерди каалады.
Жогорку Кеңеш 07.12.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан