"Кордолгон". Орусияда Алина аттуу кыз мектепке кирип келип, классташтарына ок чыгарды

Бүгүн, 7-декабрдаОрусиянын Брянск шаарындагы мектептердин биринде ок атуу болуп, коопсуздук күчтөрү имаратты курчоого алды.

BAZA телеграм каналы билдиргендей, ок атуу 8-класстын окуучусу тарабынан жасалган. Алдын ала маалымат боюнча, 8-А класста окуган Алина аттуу кыз биология сабагы учурунда кабинетке кирип келип, классташтарына ок чыгарган. Ал бир адамдын өлүмүнө, төрт окуучунун жарадар болушуна себепчи болуп, андан соң өз жанын кыйган.

Ал атасына таандык курал менен ок чыгарган болушу мүмкүн.

"Ок чыгарган 8-класстын окуучусу мектепте кордолгон. Бүгүнкү каргашанын себептеринин бири ушул болушу мүмкүн, анткени 8-класстын окуучусу балдарга ок чыгарган. Балдар партанын астына жашынууга аракет кылышкан. Мугалимдер кыз менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан, бирок эч нерсе болгон эмес" деп жазылат маалыматта.

Полиция кыздын атасы кармалып, суракка алынганын билдирди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан