Президент Чоң-Алайдын акимин Кара-Сууга аким кылып дайындады 

Темирболот Абыкеев Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Абыкеев Темирболот Асаналиевич мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Ал 1984-жылы 25-декабрда туулган. 2020-2021-жылдары Нарын облусунун Кочкор районунун акими болгон. 2021-жылдан тарта Оштун Чоң-Алай районунун акими кызматын аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан