Жакыпбек Субагожоев Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Субагожоев Жакыпбек Мойдунович мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Ноокат районунун акими болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Ал 1966-жылы 27-мартта Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында туулган.
Субагожоев ушул жылдын 29-апрелинен бери Оштун Кара-Суу районунун акими кызматын аркалап келген.