Орусиянын Тергөө комитети атышуу болгон Брянск шаарындагы №5 мектептин классынан видеону жарыялады. Буга чейин облустук бийлик атышуудан эки өспүрүм каза болуп, беш өспүрүм жаракат алганын тастыктаган. Жабырлануучулар ооруканада орточо оор абалда жатат.
14 жаштагы 8-класстын окуучусу, мурда аныкталгандай, атасынын тапанчасын мектепке алып келип, андан классташтарына ок чыгарган.
Жарыяланган видеодо көрүнгөндөй, класстын ичинде тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тартип сакчылары кол кап кийип, баарын майда-чүйдөсүнө чейин жаздырып жатышканы көрүнөт.
Класстагы парта, отургучтар негизинен баштапкы ордунда, айрымдары гана ордунан жылган. Окуу китептери жана дептерлери ачык болгон. Демек, ок атуу учурунда класста сабак болуп жаткан.