Орусиянын Брянск шаарындагы гимназияда ок чыгарган 8-класстын окуучусу Алинанын социалдык тармактагы күндөлүгү интернетке тарады.
Анда ал кылмышка болгон даярдыгын айтып, классташтары аны басмырлап келгенин белгилейт. Кыздын болжолдуу күндөлүгүн BAZA телеграм каналы жарыялады. Анын аныктыгы расмий түрдө тастыктала элек.
Аталган телеграм канал жазуулардын бир нече скриншотторун жарыялады. Алардан белгилүү болгондой, кыз 1-сентябрда курал менен мектепке келмек болгон. 31-августта мектеп окуучусу: "Мен өмүр бою психикамды өлтүргөндөрдү эртең өлтүрөм" деп жазган. Билим күнүндө ал курал сакталган сейфтин ачкычын алганын, бирок сейфте курал жок болгонун жазган.
Сентябрдын аягында мектеп окуучусу күндөлүк жазууну уланткан. Ал ок атуудан коркуп жатканын, бирок чындап эле каалаарын жазган.
"Кызыктуу эч нерсе жок, адаттагыдай эле күндө басмырлоо" деп жазган кыз октябрдын ортосунда.
Жазуулардан көрүнүп тургандай, классташтарын өлтүрүү каалоосу күчөгөн. 2-декабрда мектеп окуучусу: "Мен аларды кийинки жумада сөзсүз атам" деп жазган.
Кечээ, 7-декабрда Брянск шаарында 8-класстын окуучусу мектепке куралчан келип, классташтарына ок чыгарган. Андан кызды кошкондо эки адам каза болуп, 5 окуучу оор жаракат алган.