Данияда Куранды өрттөөгө тыюу салган мыйзам кабыл алынды

Даниянын парламенти Куранды жана башка диний ыйык тексттерди өрттөөгө тыюу салган мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Мыйзамдын кабыл алынышына даниялык 94 депутат "Макул" деп добуш берсе, 77 депутат каршы болду.

Даниянын коалициялык өкмөтү жаңы эрежелер сөз эркиндигине анча-мынча гана таасирин тийгизерин жана башка жолдор менен динди сындоо мыйзамдуу бойдон каларын билдирди.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын жай айларында демонстранттар Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында акция өткөрүшүп, анда Куран китебинин көчүрмөсүн өрттөшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан