Жо Байдендин уулу салык төлөбөгөнү үчүн 17 жылга соттолушу мүмкүн

Америка Кошмо Штаттарынын президентинин уулу Хантер Байден 1,4 миллион доллар салык төлөбөгөнү үчүн 17 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу соттук документке таянып чет элдик маалымат булактары жазды.
"Ал салык төлөгөндүн ордуна миллиондорду жеңил ойлуу жашоого сарптаган. 2016-2020-жылдар аралыгында акчасын баңгизатка, эскорт-кыздарга, кымбат отелдерге, турак жай ижарасына, машиналарга, кийим жана башка жеке каражаттарга короткон", - деп айтылат документте.
Прокурордун маалыматына ылайык, кенже Байден 2016-2020-жылдар аралыгында тогуз факты боюнча салык төлөөдөн качкан деп айыпталууда.
Белгилей кетсек, 53 жаштагы Хантер Байденге буга чейин салык төлөбөгөнү үчүн айып тагылган. Ал тергөө менен келишимге барганы менен сот актаган эмес.
Хантер Байден - АКШнын тарыхында алгачкы ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан президенттин уулу. Козголгон иштер боюнча айыптарга таянсак, кенже Байден 25 жылга камалып, 750 миң доллар айыпка жыгылышы мүмкүн. Бирок мындай иштер боюнча биринчи ирет айыпталып жаткандар адатта эркинен ажыратылбайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан