Владимир Путин Орусиядагы президенттик шайлоого катышат

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышат. Мындай маалымат кечээ, 8-декабрда Кремлде сыйлык тапшыруу аземинде белгилүү болду.

Путиндин шайлоого барууга макулдугун биринчилерден болуп “Коммерсант” гезитинин кабарчысы Андрей Колесников жазган.

"Бардык сыйлык алгандар президентти тегеректеп турганда подполковник анын президенттик шайлоого катышуусун суранган. Президент макул болгон. Калгандары да өтүнүчкө кошулду", - деп жазган журналист.

Кийинчерээк Кремль Путиндин подполковник Артем Жогага жооп кайтарган видеосун жарыялады: "Жашырбайм, менде ар кайсы убакта ар кандай ойлор болгон, бирок азыр сиз туура айттыңыз. Азыр чечим кабыл алынышы керек болгон учур. Мен Орусиянын президенттигине талапкерлигимди коём", - деген Путин.

Орусияда президенттик шайлоо 2024-жылдын 17-мартына белгиленгени буга чейин белгилүү болгон. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин шайлоо үч күнгө – 15, 16 жана 17-мартта өтөөрүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан