Путиндин президенттик шайлоого катышуусу: Байдендин администрациясы үн катты

Вашингтондогу Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби Орусиянын президенти Владимир Путиндин кийинки президенттик шайлоого катышуу чечимине байланыштуу АКШнын позициясы тууралуу суроого жооп берип жатып, "жарыш болот" деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Шайлоодо сонун жарыш болот. Азыр айта турган ушул эле сөз", - деген Кирби жылмайып.

Жума күнү эртең менен Путин 2024-жылдагы президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдирген. Бул Путиндин бешинчи мөөнөтү болушу мүмкүн, буга чейин ал 2000, 2004, 2012 жана 2018-жылдардагы шайлоолордо жеңишке жетишкен.

Орусиянын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Путин келерки жылдын март айында боло турган президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан