Америкалык Bloomberg агенттиги 2023-жылга карата дүйнөдөгү эң бай 25 үй-бүлөнүн рейтингин жарыялады.
Тизменин башында Абу-Дабинин шейхтеринин жана эмирлеринин башкаруучу династиясы Аль Нахайян турат. Экинчи жана үчүнчү орундарда Walmart дүкөндөр тармагынын негиздөөчүсү Уолтондордун үй-бүлөсү жана Hermes люкс брендинин ээси Эмерстин үй-бүлөсү турат.
Дүйнөдөгү эң бай 10 үй-бүлө төмөнкүдөй:
1.Абу-Даби шейхтеринин династиясы Аль Нахайян – 305 миллиард доллар;
2. Уолтондордун үй-бүлөсү (Walmart соода тармагы) – 249,7 миллиард доллар.
3. Герме үй-бүлөсү (француздук Hermes мода үйү) - 150,9 миллиард доллар.
4. Марс үй-бүлөсү (Mars Confectionery) - 141,9 миллиард доллар.
5. Катардагы шейхтердин башкаруучу династиясы Аль Тани – 133 миллиард доллар.
6. Кох үй-бүлөсү (америкалык Koch Industrues мунай химиялык корпорациясы) - 127,3 миллиард доллар.
7. Сауд Арабиянын королдук үй-бүлөсү Аль Сауд – 112 миллиард доллар.
8. Амбани үй-бүлөсү (Индия мунай өндүрүү жана кайра иштетүүчү Reliance Industries холдинги) - 89,9 миллиард доллар.
9. Вертхаймерлердин үй-бүлөсү (Франциянын Chanel мода үйү) - 89,6 миллиард доллар.
10. Томпсондордун үй-бүлөсү (Reuters агенттиги) - 71,1 миллиард доллар.
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, жыл ичинде дүйнөнүн эң бай үй-бүлөлөрү жалпы байлыгына 1,5 триллион доллар кошушкан, бул 2022-жылдагы эң бай үй-бүлөлөрдүн байлыгынан 43 пайызга жогору.