Коңшу Казакстанда дагы убакытты 1 саат артка жылдыруу сунушталууда

Коңшу Казакстан эмдиги жылы бирдиктүү убакытка ылайык жашай башташы мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматынын жыйынында сунушталганын казак басылмалары жазышты.

Мажилистин депутаты Эркин Абилдин айтымында, өкмөт тиешелүү чечимди 2024-жылы эле кабыл алышы мүмкүн. Учурда бул маселе боюнча окумуштуулардын пикири даяр. Алар Казакстандын бир убакыт алкагында жашашын жакташат.

Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин төрагасы Куаныш Эликбаевдин айтымында, Казакстанды бирдиктүү убакыт алкагына өткөрүү үчүн алгач өкмөттүн тиешелүү токтомунун долбоору даярдалышы керек.

"Мыйзамга ылайык, ал ачык талкуу үчүн "Ачык юридикалык жактар" порталына жайгаштырылат, ал жерде ар бир казакстандык өз позициясын айта алат. Ошондон кийин гана өкмөттүн токтому кабыл алынышы мүмкүн", - деген ал.

Буга чейин Кыргызстанда дагы убакытты 1 саатка артка жылдыруу сунушталган. Мындай сунушту буга чейин Баткендин тургундары көтөрүп чыкканын айткан Миргүл Темирбаева сунушту карап чыгуу үчүн өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Ал өз сөзүндө Советтер союзу мезгилинде жай жана кыш мезгилдеринде саат жылдырылып турганын айтты. Ал эми Кыргызстанда саат акыркы жолу 2005-жылы алдыга жылдырылып, андан бери өзгөргөн эмес.

Депутат Кыргызстан убакыт боюнча Өзбекстан жана Тажикстандан бир саат алдыда экенин да кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан