Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун Бий-Мырза айылында жайгашкан “Парчабү эне” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.
Анда архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат берди. Ал билдиргендей, учурда иштеп жаткан бала бакчанын имараты 1967-жылы курулган эски имаратка 2007-жылы “Парчабү эне” мектепке чейинки билим берүү уюму уюштурулуп, ошол эле жылы АРИС программасы аркылуу чатырчасы толугу менен алмаштырылган. Бирок бүгүнкү күндө имарат эскилиги жеткендиктен, Кара-Кулжа айыл өкмөтү тарабынан 120 орундуу жаңы имарат курууга долбоордун сметалык документтери даярдалган. Учурда жаңы имаратты курууга тендер өтүп, “Темир курулуш” ЖЧКсы 62 миллион сомго келишим түзүлүп, пайдубалы түптөлдү.
Мындан соң Акылбек Жапаров Кулун Ата мамлекеттик коругуна караштуу жаратылыш музейине барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш музейине канаттуулардын 77 экспонаттарды, андан сырткары сүт эмүүчүлөрдөн 20га жакын түрлөрүнүн экспонаттары: илбирс, күрөң аюу, аркар, кулжа, теке, элик, карышкыр, чөө, түлкү, сүлөөсүн, кашкулак, көк суур, кызыл суур, ач күсөн жана башкалар коюлган.