Орусиянын Брянск шаарындагы гимназияда классташтарына ок чыгарган 8-класстын окуучусу Алинанын атасы Дмитрий Афанаскинге карата экинчи кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Окуучу кыздын атасына карата Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 110-берененин 2-бөлүгүнүн "а" пункту боюнча ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") кылмыш иши козголгон. Бирок бул кылмыш иши боюнча атасы күнөөнү моюнуна алган эмес.
Буга чейин Дмитрий Афанаскинге куралды этиятсыздык менен сактоо боюнча айып тагылган.
Кыз кечээ, 9-декабрда акыркы сапарга узатылды жана буга байланыштуу соттук отурум жылган.
7-декабрда Брянск шаарында 8-класстын окуучусу мектепке куралчан келип, классташтарына ок чыгарган. Андан кызды кошкондо эки адам каза болуп, 5 окуучу оор жаракат алган.