Рамзан Кадыров Путиндин президенттикке талапкерлигин коюу чечимин колдоого алды

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2024-жылы өтө турган шайлоого катышуу чечимин толугу менен колдой турганын билдирди.

Кадыровдун айтымында, Путин Орусиянын бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргой алган эң татыктуу инсан болуп саналат.

"Биздин милдетибиз Владимир Путиндин айланасында биригүү экенине бекем ишенем" деп жазды Кадыров өзүнүн телеграм каналына.

Анын айтымында, Путин Орусияны дүйнөдөгү эң күчтүү державалардын бирине, ал эми орус экономикасын эң туруктуу мамлекеттердин бирине айландыра алды.

Жума күнү эртең менен Путин 2024-жылдагы президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдирген. Бул Путиндин бешинчи мөөнөтү болушу мүмкүн, буга чейин ал 2000, 2004, 2012 жана 2018-жылдардагы шайлоолордо жеңишке жетишкен.

Орусиянын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Путин келерки жылдын март айында боло турган президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан