Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Ошол эле маалда мамлекет башчысынын катышуусу менен онлайн форматта аталган аймакта бир катар социалдык объектилердин ачылышы болуп өттү. Садыр Жапаров бул жакшы саамалыктар - Баткен облусундагы Бусурманкул Ходжаев атындагы мектептин жана башка бир топ социалдык объектилердин ачылыштары менен куттуктады.
Ал “Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкөбүз өнүгөт” деген ураан астында мамлекет жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыты катары кабыл алып, бир топ иштерди жасоого бел байлаганын баса белгиледи. Президент мектептен мамлекеттүүлүктү түптөөгө зор салым кошкон Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев сындуу улуу инсандар чыксын деп тилек кылды.
“Байманалуу Баткенибиздин баркын барган сайын, убакыт өткөн сайын сезип, туюп жатабыз. Мамлекеттин тынчтыгы, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аймактардын, айрыкча, чек арага танапташ жайгашкан облус-райондордун коопсуздугу канчалык маанилүү экенин болуп өткөн окуялар айдан-ачык, даана, так көрсөтүп койду. Мына ошондуктан, өлкөнүн эң алыскы, стратегиялык маанилүү аймагынын чек арасын бекемдөө, ар тараптуу өнүктүрүү – негизги артыкчылык берилген багытыбыз деп, болгон көңүлдүн баарын бул жакка буруудабыз. Мен Баткен жергесинде кичинекей бир ийгилик болсо дагы кубанам. Бүгүн мына толугу менен жаңыдан курулган эки айылдын ачылышын жасап жатабыз. Каргашалуу окуялардан кийин калыбына келтирүү иш-чараларынын алкагында Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, кыйраган, жараксыз абалга келген тамдардын ордуна заманбап шарты менен жаңы үйлөр курулуп, ээлерине тапшырылды. Мунун баары сиздердин мамлекетке болгон ишенимиңиздер, колдооңуздардын арты менен ишке ашып жатат. Элдин бийликке ишеними артып, бийликтин элине кам көрүшүнүн өзү эле өнүгүүгө болгон ынтымактуу кадам. Бүгүн биз эки айылдан сырткары, жалпы Баткен облусу боюнча 30дай социалдык объектинин ачылышын жасаганы турабыз”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.