Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тарабынан сунушталган “Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу: негизги факторлорду түшүнүү жана чечүү, кызыкдар тараптардын чогулушу” долбоорунун презентациясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 50 миллион долларлык долбоор абанын сапатын башкаруу системасын чыңдоо, жылытуу үчүн экологиялык таза чечимдерди киргизүү, ошондой эле шаарды жашылдандырууга багытталган. Иш-чарада Акылбек Жапаров акыркы жылдары Бишкек менен Чүй облусунда абанын сапаты боюнча маселе абдан актуалдуу болуп жатканын айтып, абанын булганышын минималдаштыруу үчүн кандай иштер жасалып жатканына токтолду.
Анын айтымында, катуу минералдар менен жылытуу булактарын пайдаланууну азайтуу үчүн "Газпром Кыргызстан" ишканасы менен бирге 9 конуш газдаштырылды, 22 көмүр отканасы жаратылыш газы менен жылытууга өткөрүлүп, газ жабдууларын сатып алуу үчүн мамлекеттик банктар аркылуу шаар тургундарына 1 миллиард сом өлчөмүндөгү субсидия каралган.
"Экологияга зыян келтирбеген автобустарды алып, электр кубатын кубаттоочу инфраструктураны түзүү жана электромобилдерди сатып алууну стимулдаштыруу үчүн 2023-жылга карата муниципалитетке 4,5 миллиард сом бөлүнгөн. Катализаторлордун жарактуулугу жана жеткиликтүүлүгү боюнча техникалык кароо чаралары күчөтүлдү", - деди өкмөт башчы.
Ошондой эле ал Бишкек полигонундагы өрттү толугу менен локализациялоо жана анын аймагын рекультивациялоо да шаардагы ышты азайта турганын белгиледи.
Мындан сырткары Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосунда аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлганы кошумчаланды.