Баяке Болоткан уулу Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Баяке уулу Болоткан Кадамжай районунун акими болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Болоткан уулу 1993-жылы 8-октябрда туулган. Ал эки күн мурун президент кызматтан алган Кутпидин Шакировдин ордуна аким болуп келди.