Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салуу мыйзам долбоору артка кайтарылды

Орусиянын депутаттары Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салчу мыйзам долбоорун артка кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Эл өкүлү Орусияга болгон сапарында бул маселе боюнча кесиптештери менен макулдашканын айтты. Ал күбөлүк берүүгө көзөмөл күчөтүлүп, жадагалса президенттин карындашы да 5 жолу экзамен тапшырып ала албай койгонун айткан.

“Орусиялык кесиптештер реалдуу түрдө күбөлүк алган адамдардын маалыматтык базасын бере аласыздарбы деп сурашты. Жасалма документ жасап 3000 сомдон саткандар бар экен. Ушул тизмени берүү мүмкүнбү?” - деп кайрылды Маматалиев.

ИИМ бул жакында ишке ашарын, ЕАЭБде жалпы база түзүлүп жатканын билдирди.

Жогорку Кеңеш 14.12.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан