Мындан ары улуу инсандардын 100, 150 жана 200 жылдыгы гана белгиленет

Мындан ары улуу инсандардын 100, 150 жана 200 жылдыгы гана белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда өкмөт башчы Акылбек Жапаров парламент жыйынында билдирди.

Ал 80, 90 жылдык сыяктуу юбилейлер белгиленбей турганын билдирди.

"Өткөндө депутаттардын 100, 150 жана 200 жылдыкты гана белгилөө боюнча сунуш болгон, биз ошону колдойбуз. Калгандарын тегерек стол, конференция кылып эле өздөрүнүн туугандары өткөрсүн деген тыянакка келдик. Эмдиги жылы бюджетти бекитип жатканда ушуну эске алабыз. Кыргыз элине кызмат кылган улуу инсандарыбыздын баарын Эгемендүүлүк күнүндө атын атайбыз. Бала-чакасы бир жылкы сойгонго жарабаса, анан биз сексенге, токсонго чыкты деп өзүнчө юбилей кылып ары-бери жүгүрүп жүргөнүбүз туура эмес болуп калат экен", - деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш 14.12.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан