Жогорку Кеңеш 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорун жактырды

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары 2024-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулап, кабыл алышты. Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.
Министрлер кабинети алып келген документке ылайык, казынага түшө турган жалпы киреше 378,4 миллиард сомду, ал эми чыгаша 367,4 миллиард сомду түзөт. Бюджеттин профицити 10,9 миллиард сом болот.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров президент 2024-2025-жылдары мектеп тартыштыгы көйгөйүн толук чечүүнү тапшырганын айтты. Эми мыйзамдын долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлмөкчү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан