“Акылман” лицейи эми түздөн-түз президентке баш ийет

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу иштеп жаткан “Акылман” президенттик лицейи Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан чыгарылат жана түздөн-түз президентке баш ийет.

“Акылман” президенттик лицейин каржылоо толугу менен президенттин фондунун эсебинен жүргүзүлөт.

“Акылман” лицейинин жогорку башкаруу органы болуп Көзөмөлчүлүк кеңеши эсептелет, президент анын төрагасы болуп саналат.

"Көзөмөлчүлүк кеңешинин түзүмү, компетенциясы, түзүү тартиби, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү, алардын чечимдерди кабыл алуу тартиби “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзамга жана президент тарабынан бекитилүүчү Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө жобо менен аныкталат",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан