Мирбек Расулов аскер прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Расулов Мирбек Алишерович башкы прокурорунун орун басары – аскер прокурору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.