Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бирге Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ЭЧЖК — ВДНХ) көргөзмө комплексиндеги “Орусия” эл аралык көргөзмө-форумуна барды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, алар көргөзмөгө коюлган экспонаттар менен таанышып чыкты, ошондой эле “Орусиянын жетишкендиктеринин галереясы” комплексинде болушту.
Мындан тышкары КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында ВДНХ көргөзмө комплексинде сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.