"Эч ойлогон эмесмин". Кыргызстандык студент Азирет Орусияда "Жылдын студенти" деп таанылды (видео)

Ушул жылдын 14-декабрында 21 жаштагы кыргызстандык студент Азирет Аманжанов Орусияда "Жылдын студенти-2023" наамын жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын апасы кубануу менен билдирди.

Азирет Аманжанов 2002-жылы Бишкек шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө туулган. Ал 2009-жылы №38 мектеп-гимназиясына 1-класска барып, мындан үч жыл мурда алтын медаль менен ийгиликтүү аяктаган жана ЖРТдан 206 бал алган. Мындан улам эч кандай кыйынчылыксыз чет өлкөгө окууга өткөн. Тактап айтканда, бала кезинде эле укук коргоо органдарында эмгектенгиси келип, Орусиянын Омск шаарындагы Ички иштер министрлигинин академиясынын тергөөчү адистигине тапшырган. Учурда аталган жогорку окуу жайдын 4-курсунун студенти.

Сыйлыкты утурлай SUPER.KG порталы жеңүүчү менен маектешти. Каарманым, өз баянында окуусун аяктаса, мекенине кайтып келип, кызмат кылаарын айтты.

- Сыйлыгыңыз кут болсун! Алгач сыйлык тууралуу кеп кылсаңыз....

- Чоң рахмат. Учурда Орусиянын Ички иштер министрлигинин Омск академиясынын тергөө факультетинде 4-курста окуйм. Биринчи курстан бери илимий ишмердүүлүк менен активдүү алектенип келем. Ошондон бери 28 илимий иш-чарага катышып, 21 байгеде утушка ээ болдум. Ошондой эле илимий журналдарда сегизге чукул макалам бар. Мындан улам ушул жылы ИИМдин Омск академиясынын мыкты курсанты аталдым. Ал эми Орусиянын "Жылдын студенти-2023" наамы боюнча айтсам, быйыл күз айында Бишкекте практикада болдум. Ошол маалда мага академиядан чалып, аталган наамга катышууну сунушташты. Мен макул болдум. Сынак үчүн видео тартып, бардык тийиштүү документтерди, сертификаттарды жана сыйлыктарды чогултуп жөнөттүм. Бир айдан кийин эки турдан өтүп, Омск облусунун эң мыкты окуучусу болдум да финалга жолдомо алдым. Финал ушул жылы декабрдын 10нан 15не чейин Москва шаарында өттү. Ага Орусиянын 60 аймагынан 600дөн ашык студент катышып, атаандаштык күчтүү болду.

- Сынак учурунда кандай сыноолорду басып өттүңүз?

- Биз төрт этаптан турган сыноодон өттүк. Биринчиси "Мугалимдер жана насаатчылар" темасында тестирлөө болду. Анткени быйылкы жыл Орусияда "Мугалим жана насаатчы жылы" деп жарыяланган.

Экинчиси өзүн-өзү тааныштырууда өзүм жөнүндө видеографика жасадым. Анда жетишкендиктерим жөнүндө айтып берип жатканда артымдан сөзүмө жараша тасма көрсөтүлүп жатты. Бул аракетим адистерге жакты. Алар үчүн жогорку окуу жайга окуу үчүн келгендиктен эң башкысы студенттердин илимий иштерге катышуусу, экинчи орунда коомдук иштер турат. Ошондуктан мен ылайыктуу болчум, юридикалык изилдөөлөрдү көп жасайм. Бул этапта алар мага "Кыргызстанда кандай мыйзам долбоорун" сунуштаарымды сурашканда, мен эч ойлонбостон өлкөдөгү бүтпөгөн революциянын көйгөйүн айта баштадым. Кыскасы ушуга байланыштуу долбоорду айтып бергенимде алар абдан жактырышты.

Ал эми "Менин мекеним" аталышындагы турда Кыргызстандын каада-салты, маданияты жана кооз жерлерин алдын ала даярдалган чакан тасма аркылуу баяндадым. Кызыктуу болсун деп улуу эпосубуздан үзүндү айтып бердим. Орусиялыктар абдан таң калышты. Алар поэмалык ырлардан ушундай кылып үзүндү айтканды угушкан эмес. Бирок алар мен эмне жөнүндө айтып жатканымды түшүнүштү, себеби артымда орус тилинде которулган жазуусу менен видео көрсөтүлүп турду.

Ошентип, "Ишкердик оюну" жыйынтыктоочу этапта бизди топторго бөлүп, тапшырмалар берилди. Анда менин лидерлик сапатымды өзгөчө баалашты.

- Сынактын жеңүүчүсү кайсы күнү аныкталды?

- Бизди сүрдөнткөн күн - сыйлык тапшыруу аземи 14-декабрда болуп өттү. Чынын айтсам, жеңүүчү атүгүл лауреат болом деп эч ойлогон эмесмин. Мен ойлойм мен абдан жакшы даярдандым, жыйынтыгында эмгегим бааланып, жеңүүчү болдум деп. Өзүмдүн атымды укканда таң калдым, абдан сүйүндүм. Анткени Орусияда жылдын мыкты студенти болуу көп адамдардын кыялы сыяктуу эле менин да максатым болгон. Бул менин жашоомдогу эң чоң жетишкендигим. Мен жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойгом. Үйдүн улуусумун менден кийин карындашым жана иним бар. Окуу жайдын жатаканасында жашачубуз. Мен көп аракет кылдым, издендим, бирок мындай масштабдуу иш-чаранын жеңүүчүсү болом деп эч ойлогон эмесмин.

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар? Кыргызстанга кайтасызбы?

- Учурда бардык аракетимди англис тилин үйрөнүүгө жумшап жатам. Түрк тилин жакшы билем. Бул жактан окууну аяктагандан соң өлкөмө кайтып, тергөөчү болуп иштейм. Тажрыйба топтогондон кийин кайрадан чет жакка аспирантурага тапшырууну мерчемдеп жатам. Анткени чет элдик билим эл аралык укук коргоо уюмдарында алсак, Интерполдун бюросунда иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок, бардык окууну аяктагандан кийин сөзсүз Кыргызстанга эле келем. Анткени мен мекенимди, үй-бүлөмдү, классташтарымды абдан жакшы көрөм. Ошондой эле бизде квалификациялуу кадрлар жетишпейт деп ойлойм. Кандайдыр бир "Чет өлкөдө мээ агымы" жүрүп жатат жана кыргыздын жаштары чет жакка агылууда. Аларды да түшүнсө болот. Ар бир адам татыктуу жашоо, татыктуу айлык каалайт. Балким, чет өлкөдө жакшы шарттар түзүлгөн. Бул жакта мугалимдер менин калуумду суранышат. Бирок бул мен үчүн эмес. Анткени мен Кыргызстандан деле карьера өсө турган, жакшы эмгек акы төлөй турган жумуш тапканга аракет кылам. Жылдар бою жаман шартта иштебейм жана 30 жылдан кийин эмгегим бааланат да деп иштеп жүрбөйм (күлүп). Ошондуктан академияны бүткөндөн кийин билим алууну улантам.

- Төрт жыл аралыгында кандай өзгөрүүлөрдү байкай алдыңыз?

- Үй-бүлөмө өтө жакын болуп калдым. Бат-баттан сагынгандыктан жылына барып турам. Жакшы стипендия алам ошондуктан баарына белек берип турам жана киного, оюн-зоокторго барып турабыз.

Ичимден тартиптүү, сабырдуу болуп, бардык кыргыздардай кечикпей калдым (күлүп) Бир заматта эле олуттуу, бат чоңойгон кишидей сезип калдым өзүмдү. Буга чейин үйдөн алыс чыгып, бардык көйгөйлөрдү өзүм чечкен жашоомду элестете алчу эмесмин. Мен үчүн коркунучтуу эле. Азыр көнүп калгандыктан көз карандысыз болуп калдым. Бул Орусиянын мага кылган эгемендүүлүгү. Бул жерде график боюнча бардыгы бар: окуу, тамак-аш, уйку жана эс алуу. Анан, албетте, үй-бүлөм мен ар дайым колдойт.

- Азирет, сонун маек үчүн чоң рахмат! Ийгиликтериңиз арбын болсун!


                                            
"Эч ойлогон эмесмин". Кыргызстандык студент Азирет Орусияда "Жылдын студенти" деп таанылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан