Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвага болгон иш сапарынын алкагында Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү (ЭЧЖК — ВДНХ) комплексиндеги “Кыргызстан” күркөсүнө барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаровго кыргыз күркөсүнүн ишинин алдыдагы пландары тууралуу айтып беришти. Тактап айтканда, павильондун аймагында улуттук тамак-аштарды камтыган ресторан ачылары, жыйындар залы болору, жалпы Кыргызстан тууралуу, өзгөчө анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн маданияты жөнүндө интерактивдүү маалымат тактайлары орнотулары айтылды.