Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Орусияга иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Орусияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Аталган жыйындарга ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринен тышкары, байкоочу макамындагы мамлекеттердин өкүлдөрү да катышары күтүлүүдө.

Төрага Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан