"Сиз мага эч ким эмессиз!". Мирлан Самыйкожо менен Улан Примов кайым айтышты (видео)

Бүгүн, 19-декабрда мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде каралууда.

Анда эл өкүлү Мирлан Самыйкожо "Башында бүтүндөй парламентке тууну өзгөртүүнү авторлор сунуштап жатат дебеди беле. Силер сунуштап атканыңар чынбы?" деп суроо салды.

Ага туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков авторлордон андай сунуш болбогонун айтты.

Мирлан Самыйкожо: - Улан Бердибаевич, сиз айтып бериңизчи. Баягыда оозу-мурдубуз кыйшайбай эле ушул авторлор сунуштады дебедик беле?

Улан Примов: - Урматтуу Мирлан Самыйкожо, биринчиден бул жер сизге тергөө эмес. Суроо берсеңиз тонуңузду өзгөртүп, сый менен бериңиз.

Мирлан Самыйкожо: - Менин үнүмдү, тонумду, сүйлөгөнүмдү сиз чектей албайсыз. Болгон үнүм ушундай. Мен эмне сизди сөгүп жатамбы? Чычалабаңыз.

Улан Примов: - Мен чычалабайм. Оозу-мурдуң кыйшайбай дебей, сөзүңүздү этияттап сүйлөңүз!

Мирлан Самыйкожо: - Сиз анда тонуңду өзгөрт деп демитпеңиз. Антип айткыдай сиз мага эч ким эмессиз!

Улан Примов: - Сиз дагы мага эч ким эмессиз!

Ал ортодо комитет төрайымы Чолпон Султанбекова кесиптештерин бири-бирине сый мамиле кылууга чакырды.

Белгилей кетсек, желектин элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов демилгелеп чыккан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Мамат Сыдыков.

Жогорку Кеңеш 19.12.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан